ДЕЛБИРЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Желп-желп этип желпилдеген, дирилдеген абалда болуу, желбирөө. Мала кызыл крепдешин косынкасынын учу желге делбирейт (Сыдыкбеков). Байрактын баары делбирейт («Эр Табылды»). Делбиретип деңиз мынча сагынтат, толкунунда калган өңдүү элесим (Абдалова). 2. өт. Эпилдеген жеңил кыймыл-аракетте, элпек, шайдоот мамиледе болуу. Быяк-тыяктан жолугуп калганда, Эркекыз апа деп делбиреп турат го (Байтемиров).